www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-мартта Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде эки өлкөнүн маданий-гуманитардык жана парламенттер аралык байланыштары боюнча пикир алмашуу болду.

Президент Садыр Жапаров Өзбекстан менен парламенттер аралык кызматташуунун ырааттуу өнүгүшүнө абдан кызыкдар экенин билдирди. Кыргыз тараптын 2019-жылы эле пландалып, бирок бир катар объективдүү себептерден улам кийинкиге жылдырылган Танзила Нарбаеванын Кыргызстанга боло турган расмий сапарын күтүп жатканын кошумчалады.

Мындан сырткары, президент эки элдин ортосундагы достукту бекемдөөнүн олуттуу факторлорунун бири катары маданий диалогдун маанилүүлүгүнө токтолду.

Бул өңүттө ал жергиликтүү элдин, жаштардын ортосундагы өз ара бир туугандык мамилелерин чыңдоо максатында Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара райондорунун аймагында маданий-спорттук иш-чараларды көп-көп өткөрүү зарылдыгын баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров достук, ынак коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерине негизделген кыргыз-өзбек мамилелери келечекте да бул чөлкөмдүн туруктуулугун камсыздоого, ошондой эле заманбап чакырыктар менен коркунучтарга каршы натыйжалуу күрөшүүгө кызмат кылаарын бекем ишеним менен билдирди.

Өзбекстан Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева Президент Садыр Жапаровдун сапары эки мамлекеттин мамилелеринин жаңы барагын ачып жатканын белгиледи.

Ал өлкө парламенти, анын ичинде Жогорку палата Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттеринин сүйлөшүүлөрүндө жетишилген бардык келишимдерди ишке ашырууга, ошондой эле парламенттер аралык жана аймактык кызматташууну өнүктүрүүгө ар тараптан көмөктөшөрүнө ишендирип өттү.

Сенат төрайымынын айтымында, мындан сырткары эки өлкөнүн мыйзамдарын гармонизациялоо үчүн парламенттер ортосунда маалыматтык-аналитикалык багыт боюнча кызматташууну өнүктүрүү зарыл.

Танзила Нарбаева кызматташууну жандандыруу жана бардык көйгөйлүү маселелерди чечүү эки мамлекеттин элинин бакубаттуулугун жогорулатууга кызмат кылат деп үмүт артты.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости