www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ашыкча жүк жүктөлгөн учурда айыппул түшүнүксүз формулалар менен эсептелген. Мындай пикирди Жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев NazarNews маалымат агенттигине билдирди.  

--“Буга чеийн ашыкча жүк жүктөлгөн учурда айыппул түшүнүксүз формулалар менен эсептелген. Жүк тартуу жайларындагы кызматкерлердин акчаны сол капчыкка салуусуна жакшы мүмкүнчүлүк түзгөн. Эшондой эле, сунушталган өзгөртүүлөрдү колдонушкан. Кээбир шылуундар жолдорду бузушкан. Жалпы айдоочулар, биздин ассоциациянын мүчөлөрү “жолдорду сактоо зарыл” деген пикирде болуп келдик. Мындан улам сунушталып жаткан айыппулдун көлөмү көтөрүү, автоматташтыруу туура демилгеси каралган. Биз автор менен талкуулап, колдоорубузду айтканбыз. Ал эми таразадагы көйгөйлөрдү мурда эле айтып, жоюу зарылдыгын белгилеп келгенбиз. Таразаны автоматташтыруу зарыл экенин да бир канча жолу билдиргенбиз. Белгилей кетсек, Кыргызстандын тышкы карыздарынын 2 млрд 600 млн сомун же 80 пайызын жол салууга алынган насыялар түзөт. Мурдагы жөнөкөй таразалар 6 миңге чейин гана бузууларды аныктаса, азыркы автоматташтырылган таразалар 20 миңге чейин бузууларды аныктай алат. Буга чейин жолдо жүк ташуу эрежелерин бузган жеке жана юридикалык жактар болгону 10 сом айыппул төлөгөн”, - дейт Темирбек Шабданалиев.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости