www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкек-Ош жолунун 178-чакырымында жол кырсыгынан жабыркагандардын абалы тууралуу маалымат берди.

Аталган министрликтин маалыматы боюнча, эки унаада 13 адам болгон. Кырсыктын кесепетинен 4 адам окуя болгон жерде, дагы экөө ооруканага жетпей каза болгон. Жети адам Жайыл аймактык ооруканасына жеткирилген.

"Учурда төрт жабырлануучу реанимацияда жатат, алардын бири жаш бала. Абалдары оор деп бааланууда. Дагы үчөө - эки бала жана бир чоң киши травматология бөлүмүнө жаткырылды, алардын абалы туруктуу", - деп билдиришти бөлүмдөн.

Дарыгерлер тобу - нейрохирург жана реаниматолог Бишкектен консультация берүү үчүн жөнөп кетти.

Эске салсак, бүгүн, 6-июнда Cуусамыр өрөөнүндө таңкы саат 6лар чамасында Мерседес-Бенц жана Тойота Альфард үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын алдын ала маалыматы боюнча, «Тойота» унаасы каршы тилкеге ​​чыгып кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости