www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакынкы үч күндө — 7-9-июнда республикада күн катуу ысып, бир катар облустарда аптап +39 градуска жетээрин Кыргыз гидрометеорология агенттиги билдирди.
"Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +35…+40 градуска, Талас облусунда +33…+38 градуска чейин жетиши күтүлөт", — деп айтылган маалыматта.
Агенттик мындай аба ырайында ден соолукка абайлап мамиле кылууну жана айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруу туурасында эскертти.
"Организмде суюктуктун азайып кетишинен жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күн түз тийген жерлерде көпкө жүрбөөгө чакырабыз. Андан сырткары, айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат", — деп айтышты.
Булак: NazarNews.kg