www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө жергиликтүү кеңештин депутаты алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-майда райондук милициянын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын улук ыйгарымдуу оперкызматкери милицияга арыз менен кайрылган. Ал өз билдирүүсүндө, социалдык тармактарда Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаты инвестордун ишине тоскоолдук кылып, андан ири өлчөмдө акча талап кылып жатканын жарыяланганын билдирген.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмышка шектелип 44 жаштагы Чолпон-Ата шаарынын тургуну, шаардык кеңештин депутаты А.У. болуп кармалган. Териштирүү ишинин жүрүшүндө, шектүү 2015-жылы Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы менен, шаардын жээк жагында жайгашкан жалпы пайдалануудагы жер тилкесин пляждык зонаны уюштуруу үчүн беш жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча келишим түзгөндүгү аныкталган. Ижара мөөнөтү бүткөндөн кийин, ал ижара мөөнөтүн узартуу боюнча кайрадан Чолпон-Ата шаарынын мэриясына кайрылган. Бирок мэрия баш тартканда А.У. пролонгацияга таянып, Ысык-Көл райондук сотуна кайрылган. Соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө аталган жер тилкеси камакка алынып, учурда сот процесси уланып жаткандыгы аныкталган.

Териштирүүнүн жүрүшүндө, 2022-жылы инвестор Чолпон-Ата шаарынын мэриясына беш жылдыздуу мейманкана куруу максатында жер тилкесин ижарага берүү үчүн кайрылганда мэрия тарабынан, А.У. менен Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын ортосунда соттук териштирүү жүрүп жаткан жер участогуна жакын жайгашкан жер тилкеси бөлүнүп берилгендиги маалым болгон.

Мейманкананы куруу үчүн инвесторго кошумча жер тилкеси керек болуп, коңшу жер тилкеси боюнча соттук териштирүү жүрүп жатканын билбей туруп, ал А.У.дан сураган. Депутат инвесторго соттук териштирүү боюнча туура эмес маалымат берип, бул жер тилкеде курулуш иштерин жүргүзгөндүгү боюнча да жалган маалымат берип, инвестордун ишенимине кирүү менен, бул чыгымдардын ордун толтурууну сунуштап андан алдоо жолу менен 12 миң доллар алган.

Жагдайларга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинен (Опузалап талап кылуу) 209-беренесине (Алдамчылык) кайра квалификацияланган. 5-июнда Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине (Кармоонун негиздери) ылайык, алдамчылык фактысына шектелген Чолпон-Ата шаарынын 44 жаштагы тургуну, шаардык Кеңештин депутаты А.У. кармалып, Каракол ШИИБдин убактылуу-кармоочу жайына 48 саатка киргизилди.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.

Последние новости