www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сузак районуна караштуу Көк-Арт айылында улак тартыш оюнунда чыр чыгып, милиция ага катышкан төрт адамды кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы кабарлады. 

Билдирмеге ылайык, окуя 23-апрелде түштө болгон. Улак тартыш оюну өткөн аянтта 29 жаштагы Х.З. 31 жаштагы К.К. аттуу адамга карай ок аткан. Андан кийин К.К. 28 жаштагы А.Н. менен биргеликте ага ок аткан Х.З. аттуу жаранды ур-токмокко алышып, денесине залал келтиришкен. 

"Ошол эле күнү түнкү саат 23.00дөр чамасында Сузак районунун 28 жаштагы М.Б. аттуу тургуну К.К. аттуу кишинин үйүнө барып асманга ок чыгаргандыгы тууралуу ыкчам маалыматтар алынган. Натыйжада Сузак районунун тургуну А.Н. 28-апрелде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Анын баш коргоо чарасы Сузак райондук сотунда каралып, үй камагына чыгарылган. Улак оюну өтүүчү жайда ок чыгарып, андан соң таяк жеген Х.З. дагы кармалып, бүгүн, 12-майда, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", — деп айтылат маалыматта.

Милициядан бул окуянын дагы эки катышуучусу К.К. менен М.Б. тергөөгө тартылганын кошумчалашты. Учурда тергөө иштери улантылууда. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости