www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дача СУ айылына кулап түшкөн учактагы жүк президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева жана Албек Ибраимовдун чөнтөк телефон менен алектенген үй бүлөө мүчөлөрүнүн бирөөсүнө таандык экени тар чөйрөдө белгилүү болду.

Самолет аркылуу жүк ташуу бизнесине Албек Ибраимов “Манас” аэропортунда директор болуп турган маалда баштап, президент Алмазбек Атамбаевдин кийлигүүшүсү аркылуу товарларды бажы салыгын төлөбөй контрабанда жолу менен алып өтүп келишкен. Буга чейин мындай бизнести ийгиликтүү жүргүзүп келип, булар салыктан качып келишкен.

Акыркы жолку жүк алып келүүдө учактын ичинде Албек Ибраимовдун жүгүнөн тышкары Кытайдагы иш сапарынан кийин эс алууга чыккан маалда сатып алган Президенттин жубайына таандык мүлктөр болгон. Ошол себептүү “сырдуу” жүк табышмак бойдон калган. Ажал алып келген сырдуу жүктү салган самолет буга чейин көп жолу жүк тартып келген. Бирок, бир дагы салык төлөгөн эмес.

Акыркы жолу дагы көп салмактагы жүк ташуучу унаа бажы салыгын төлөбөй аэропорттон чыккан жеринен каржы полициясы тарабынан кармалган. Колго түшкөн унаада чөнтөк телефону болгон. Тилекке каршы ал жүктөр боюнча кийин маалымат чыккан жок, каржы полициясы маалымат берген эмес.

Башкача айтканда ал жүктөр эркиндикке кое берилген. Ал дагы Албек Ибраимовдун бизнесинде айланып аткан чөнтөк телефондор болгон деген логика бар. Сырдуу жүк Раиса Атамбаева менен Албек Ибраимовго таандык, ошол себептен бийлик унчукпай отурат. Эгер, башка бирөөнүн кулагы көрүнсө бийлик кыйкырып чыкмак...

Маалымат Дариха Ишанованын Фейсбук баракчасынан алынды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости