www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын жана Тажикстандын чек арасында бүгүн таң эрте күчү үч баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Жер титирөө саат 6:22де катталган. Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу эки өлкөнүн чек арасында, Ачык-Суу айылынан 15 чакырым түштүктө жана Ош шаарынан 137 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.

Ачык-Суу айылында жер титирөөнүн күчү болжол менен 2,5 баллды түзгөн.

Ошондой эле адистер кечээ саат 23:09да Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында күчү болжол менен үч баллга жеткен сейсмикалык активдүүлүктү катташкан.

Кыргызстандын калктуу конуштарында бул жер титирөө сезилген эмес.

Последние новости