www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мэриясы социалдык тармактарда тараган «Бишкет» деген жазуу боюнча маалыматка расмий түшүндүрмө берди.
Маалыматка ылайык, Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине даярдык көрүүнүн алкагында коомдук транспортко атайын бренддик чаптамалар жайгаштырылган. Мэрия автобустардагы бренддик материалдарда Кыргызстандын борборунун аталышы «Бишкек» деп туура жазылганын белгиледи.
Билдирүүдө социалдык тармактарда тараган «Бишкет» деген жазуу типографиялык ката эмес экени айтылып, бренддик стикерлери бар бардык автобустар «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү тарабынан текшерилип, кабыл алынганы маалымдалды.
Социалдык тармактардагы маалыматтан кийин кошумча түрдө бардык 800 автобус кайра текшерүүдөн өткөрүлгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө бир дагы автобустан «Бишкет» деген жазуу табылган эмес.
Ошондой эле мэрия бардык бренддик чаптамалар бирдиктүү үлгүдө бир эле типографияда даярдалганын белгиледи. Мекеменин маалыматына ылайык, эгер техникалык же типографиялык ката кеткен болсо, анда ал бардык автобустарда бирдей кайталанмак.
Учурда текшерүү иштери уланууда. Кошумча маалыматтар алынгандан кийин анын жыйынтыгы тууралуу коомчулукка кошумча маалымат берилери билдирилди.
Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясы окуянын бардык жагдайларын тактоо үчүн видеонун авторуна кайрылганын маалымдады.