www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Составление текстов

Түптө жашы жете элек кыз боюнча иште кошумча экспертизалардын жыйынтыгы күтүлүүдө

Түп райондук ички иштер бөлүмү 2011-жылы туулган кызга карата жасалган сексуалдык мүнөздөгү аракеттер боюнча иште кошумча экспертизалардын жыйынтыгын күтүүдө.

Милициянын маалыматына ылайык, окуя тууралуу кабар 14-майда түшүп, сотко чейинки текшерүү башталган. 2-июлда кыздын энеси расмий арыз менен кайрылган.

Иштин алкагында бир катар экспертизалар жүргүзүлгөн. Бирок жабырлануучу тарап айрым корутундуларга макул эместигин билдирип, кошумча изилдөө жүргүзүүнү өтүнгөн.

Ушуга байланыштуу комиссиялык соттук-медициналык жана соттук-биологиялык экспертизалар дайындалып, материалдар 13-августта Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборуна жөнөтүлгөн. Жыйынтыктар алынгандан кийин тиешелүү процессуалдык чечим кабыл алынары айтылды.

Последние новости