www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясат таануучу Табылды Акеров менен Атамбаевдин менчик каналындагы маеги,  мекенчил күчтөр менен саясий уюмдар уюштурган курултай, курултай кабыл алган резолюция тууралуу баарлаштык.

-Табылды мырза, Атамбаевдин бир жарым саатка созулган менчик телеканалындагы маегин угуп, кандай кабыл алдыңыз? Ал актандыбы же өз чындыгын айттыбы?

 -Кай бири актануу үчүн маек берген го дешсе, кай бири камалып кетпейин деп коркуп жаткан го деп жатышат. Менимче, Атамбаев өзүнүн оң колу Илмиянов камалагандан кийин, үн чыгарып, өз позициясын билдирип коёюн десе керек. Ал Илмияновдун камалышына айрыкча маани берди. Илмиянов көп нерсени, анын ичинде шайлоолордун кантип өткөнүн да жакшы билет деп жатты. Мунусу менен Атамбаев өзүнүн пресс-конференциясынын алдында ММКларга тараган «тизмегейттин» артында КСДПнын штабы тураарын билдирип койду. Өзү айткандай Илмиянов көптү билет. Ал Атамбаевдин да, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн да, КСДПнын штабындагы күркүлдөрдүн да былыктарын жакшы билет да. Кыязы, мына ошондуктан, аны колдоп маалымат жыйынын өткөрүп, анын алдынан өтүп койбосо болбостугун Атамбаев да, штабдын жетекчиси Фарид Ниязов да жакшы билет.

-Экс президенттин азыркы  президентке койгон дооматтары жүйөлүү элеби? Президент чындап эле Атамбаевдин жакшылыктарын билбей кеттиби?

- Кыргызстанда Атамбаевдин кандай адам экенин, кандай лидер экендигин көпчүлүк жакшы билет. Ал президент кезиндеги алгачкы 2, 5 жылда маселелерди чечип, иштиктүү аракеттерди көрсөткөндүн ордуна мага мүмкүнчүлүк бербей жатышат деп доомат артып келген. А. Келдибеков, К. Ташиевдердин митингдерин токтото албай, алар менен сүйлөшүүлөргө барбай, алтындай убакытты текке кетирип Бишкекте олтура берген. Муну калың эл жакшы билет. Бирок, кийин өз бийлигин бекемдегенден кийин, анын негизги оппонеттери болгон эки саясатчы тең камалып кеткен. А. Акаев, С. Жээнбековдордун экс-президент А. Атамбаевге кылган жакшылыктарын өзү айтпаса да эл айтып келатпайбы. Мисалы, саясатчылар учурунда А. Атамбаевдин өмүрүнө коркунуч туулганда Акаев аны сактап калып, ал Түркияга чыгып кетип кутулганын айтып жүрүшөт. Кечээ жакында эле А. Бекназаров учурунда С. Жээнбеков А. Атамбаевди Бакиевдер уулап коюптур дегенде, Кара-Кулжадагы жайлоого алып барып, кымыз менен даарылап, айыктырганын айтып чыкты. С. Жээнбеков бүгүн Кыргызстандын президенти кызматта. Ал Атамбаевге дос болсо да, калың элдин президенти, өлкө башчысы. Атамбаев экс-президент, бүгүн аны эле карап олтура бергидей убак эмес да. Эгер ошондой эле болсо, анда айтсын да, Президент С. Жээнбеков  мына бу иштеримди кылбай, мени укпай койду деп. Биз көрөлү. С. Жээнбеков аны уккудай ага милдеткер эмес да. 2010 жылы Ош-Жалал-Абад коогалаңы мезгилинде катуу туруп берип, Убактылуу Өкмөттүн  бийлигин сактап калды. Ошол учурда А. Атамбаев 3 күн саясий аренадан жок болуп кетпеди беле. Эми айтып жатышат, аны Орусиянын ФСБсы кайтарып, өлтүрүп кетет, чыкпаңыз, көрүнбөңүз деп кеңеш берип, чыгарбай, катып коюптур деп. Бул өтө уят нерсе да. Эл кыйын абалга туушугуп, өлүмдөр болуп жатканда, лидердин жаны таттуу болуп, кимдир бирөөлөрдүн кеңешин угуп, коомчулуктан жашынып жатып алганын кандай түшүнүүгө болот. Ошондо Атамбаев элдин башында туруп, чатакты токтууга аракет кылууга милдеткер болчу. Эч нерсе колунан келбесе да, жок дегенде кабинетинде олтурсада, кичине дем болот эле го. Ошол күндөрү канчалаган адам бейкүнөө өлүп кетти. Атамбаев 2 жолу революцияны мен кылгам дейт, анда ошол жоготууларга да ал жооп бериши керек да. Эл өлүп жатса, премьердин милдетин аткаруучу жашынып олтурат деген бир да өлкөнүн тарыхында болбосо керек. Элдин, жаштардын өмүрүнөн, өзүнүн өмүрүн артык көргөн лидер тарыхта болбосо керек. Жаны татту лидер, лидер эмес да. Эгерде Атамбаев өзүн чыныгы лидер эсептесе жана көрсөткүсү келсе, анда ошондой кыйын кезеңде ал элдин алдында, туунун жанында турмак эле да. Бирок, Атамбаев ошол күндөрү өзүн нукура лидер катары көрсөтө алган эмес. Ошол кезде Кыргызстан, эл Бакиевдерден кутулуууну каалап турган. Ошондуктан, бул аракеттерге анчейин көңүл бурулбай калган.

-Атамбаевдин байлыктарынын күмөндүү жагдайларын  текшерүү боюнча Башкы прокуратура басма сөз беттерине жарыяланган макалаларынын топтомун УКМКнын коррупцияга каршы күрөшкөн тармагына жөнөттү.  Эми Атамбаевдин бар байлыгынын сыры ачылабы?

-Башкы прокуратура маалымдагандай  байлыгы тууралуу күмөндүү жагдайларды жараткан макалалардын топтомун УКМКга жөнөттү. УКМК эми мындан ары кандай кадам жасаш керек экенин  өзү чечиши мүмкүн.

- Курултайда Атамбаевдин кол тийбестигин алуу, жоопкерчиликке тартуу маселеси көтөрүлдү. Эми президент Курултайдын резолюциясын негиз кылып, Атамбаевге атаканы баштабайбы?

 -Мен мурда айттым эле. С. Жээнбеков менен А. Атамбаев бири-бирине антипод адамдар деп. Атамбаев өтө шашма, бир нерсе оюна келсе, ошону тез чече коеюн деп, мамлекеттик бардык структураларды, күчтөрдү ошого багыттайт. Анын сталинче куру талап кыла бергендиги, бүгүн билинип жатат. Ошого азыр анын командасынын былыктары чыгып жатпайбы. Айрым жасалган иштердин проектилери да чийилген эмес деп айтылып жатат. Башкача айтканда, кыргызча, документ жана башкасы жок эле уруп, согуп кете беришкендей. Балким, атайы эле ушундай жолго барышкан. С. Жээнбеков оор басырыктуу. Мына бийликке келгенден бери өтө кылдат аракеттенип жатканын көрүп жатабыз. Ошентип олтуруп коомчулктун купулуна толду. Ишин мыкты билген кадрларды алып келди. Коррупция менен күрөш шоу түрүндө эмес, мурдагыдан алда канча профессионалдуу түрдө жүрүп жатат. Акыркы эле иш чараларды алалы. Атамбаев өзүнүн жеке телеканалынан бүтүндөй коомчулкка угуза ага доомат артып, арыз муңун айтып бүтө албай, аны жаман атты кылгысы келди. С. Жээнбеков болсо, коомду консолидация кылуучу аракетерди көрсөтүп, эгемендик мезгилинен бери спикер жана премьер-министр болгон беделдүү саясатчыларды кабыл алып, алар менен өлкөнүн жана коомдун эртеңкиси жөнүндө ой бөлүштү.

- Курултайда Сооронбай Жээнбековго жагынуучулук , Атамбаевге бир жактуу сындоо орун алган жокпу? Уюштуруучуларга ошондой доомат коюлуп жатат го?

-Жок. «Эмне сепсең, ошону оросуң деген байыртан калган сөз бар. Тарыхчылар тигил же бул өлкө башчысынын дооруна баа бериш үчүн анын доору толугу менен аякташы керек. Ошондо гана анын бийликтеги аракеттерине берилген тарыхчынын баасы толук кандуу болуп эсептелет. Атамбаевдин доорунун бүткөнүнө бир жыл болду. Эми анын доору боюнча илимий иштериди жазып, баа берсе болот. Илимий иштерди да жазып, коргоого чыкса болот. С. Жээнбековдун доору жаңы башталып келатат. Ошого курултайда анын бийликтеги бир жылдык мөөнөтүнө гана баа берилди.

- КСДПнын пресс катчысынын уюштуруучулардын арасында чыныгы коомчулуктун өкүлдөрү эмес, жеке кызыкчылыгын көздөгөн адамдар көп деген дооматы жөндүүбү?

-Бул жерде бир жагдай бар. Ушул эле жыйын жана ушул эле адамдар катышкан жыйын курултай эмес, симпозиум же форум деп аталып, анан Атамбаев менен Жээнбековдун араткеттерине ушундай эле баа берилиши толук мүмкүн болчу да. Маселе, анын катышуучулардын да эмес, маселе ошол жыйынга келген саясатчылардын баасында болуп жатпайбы. Курултай болобу, симпозиум болобу, форум болобу бул жыйынга катышкан саясатчылардын кайсы бир бөлүгү өлкөнүн эгемендүүлүк мезгилине чейин, ал эми көбү эгемендүүлүк мезгилинен бери чоң саясатта ат салышып жүргөн инсандар. Булардын баарынын коомдо өзүнүн орду бар, коомдук процесстерге таасир эткен саясатчылар. Алар чогулду да Атамбаевдин доорунун буткөндүгүнө байланыштуу анын бийликте кездеги иш-аракетерине баа беришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости