www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"17 жашымда кудалап күйөөгө беришти..."

Мектепти жаңы эле аяктап, алдыма бүт дүйнөнү багындырчудай максаттарды коюп жүргөн кезимде апам мени турмушка узатууга макулдугун берди. Атам эрте эле кайтыш болуп калган. Жолдошум да 17 жашта болчу. Ойлоп көрсөм экөөбүз тең бала эле бойдон баш кошуптурбуз. Менин атам кайтыш болуп калса, анын апасы кайтыш болуп калган экен. Атасы кайрадан үйлөнүп, өгөй апасы жолдошумду эртерээк өз оокатынын кылып бөлүнүп кетсин дегенби, айтор эрте эле үйлөндүрөлү деген чечимге келишиптир. Кайын атам бай, колунда бар адам эле. Менин апам алардын байлыгына көбүрөөк карап, эч нерседен кем болбой жашайсың, турмушка чык деп кыйнап эле берип койгон...

"Жолдошум өз кыялы, мен өз кыялым менен жашай бердик..."

Кыргыздын ырым-жырымдары менен эле баш коштук. Кайын атам Чоң-Арык айылынан 5 бөлмөлүү үй сатып берди. Экөөбүз тең билим албай эле баш кошконубузга байланыштуу эч жерде иштечү эмеспиз. Жолдошум бара-бара унаа айдап, Россия, Казакстанга каттаганды үйрөнүп алды. Али күнгө чейин ошол кесиби менен эле алектенип келет. Мен болсо көп өтпөй эле кош бойлуу болуп, 18 жашымда кыздуу болдум. Бала менен үйдө отуруп, айтор эрте эле өсүп-өнүгүп укмуш болом деген кыялдарым күнүмдүк түйшүктүн чаңында басылып калып калды. Кайын атам жакшы турганы менен жаш болчу. Экинчи турмушу менен алек болуп, "түтүнү бөлөктүн түйшүгү бөлөк" дегендей, бизге анчейин каралашпай эле жашап калды. 17 жаш эмне деген гана жаш? Биз бири-бирибизди тааныганча, тил табышканча эле 10 жылыбыз кетти. Ушул аралыкта деле жакшы тааныбай, ар кимибиз өз дүйнөбүз менен алек болуп жашап жүрө бердик. Жолдошум каалаганындай жашады. Кааласа үйгө келбей коет, кааласа түнкү клуб, бильярд, айтор эс алчу жердин бирин да калтырбай эс алат. А мен болсо бир күнү болбосо бир күнү кетип калам да деген ой менен жашап жүрүп, кантип 10 жылыбыз өтүп кеткенин сезбей калыптырбыз. Кетем деп ойлоп койгонум менен каякка барат элем? Апам кайтып келбе деген, анткени менден кичүү эки инймди араң бакчу апам байкуш. Бараар жерим жок, борборго жакын жерде жашаганым үчүн эле жолдошумдун бардык кыял-жоругу, баскан-турганына көз жумуп жашап келдим.

"Эч качан сүйүү эмне экенин сезген эмесмин..."

Качан гана 10 жыл болгондо баш көтөрүп, эки баланын апасы болуп калганда араң окугум келип, сыртка чыккым келе баштады. Атайын курстарга барып визажисттик курсту аяктадым. Акырындап ишке кирип, учурда өз алдымча иш баштап, жашоомдун экинчи доору башталууда. Үйдүн төрт дубалы менен эле тирүүлүк чектелип калгандай кээ бирде буулугуп ыйлачумун. Көп жыл үйдө отурган айымдар мени түшүнсө керек. Сыртка чыкканда баарын үйрөнгүң келип, жаңы дем менен жашагың келип баштайт экен. Жолдошум экөөбүз ушул кезге чейин бири-бирибизге көңүл деле бурбаптырбыз. Жаман жери жолдошум бул аралыкта менден башка адамды сүйүп, үйлөнгөнгө үлгүрдү. Бирок бизден да толугу менен кеткен жок... Мен да догурунуп андан кеткен жокмун... Мен эч качан сүйүү эмне экенин сезген эмесмин. Эгер үй-жайдын баарын таштап ошол үй-бүлөсүнө кетем десе эшигим ачык... 

Булак: "Фабула"

 

Последние новости