www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Дональд Трамп Украинадан АКШ сарптаган каражаттарды өндүрүп алууну көздөйт. АКШнын Украинага берген карызынын жалпы суммасы 500 миллиард долларды түзөт. Ал бул акчаны нак түрүндө ала албасын билип, башка жолду тандады. Украинадан ушул эле суммага тете сейрек кездешүүчү металлдарды талап кылды. 

Ал эми Путинчи? Бүгүн Россия Украинадагы кырдаалды кылдаттык менен көзөмөлдөп турат. Москва үчүн эң ыңгайлуу вариант – бул мамлекеттин жарымын өз таасир зонасына кайтаруу. Путиндин стратегиясы ачык: Украинанын түштүк-чыгышы Россияга тарыхый жана маданий жактан жакын болгон аймак катары каралат. Ал эми өлкө Батыштын каалаганындай башкарылса, анын бир бөлүгү жок дегенде Россиянын орбитасына түшүшү керек деген көз караш өкүм сүрүүдө. 

КВНден – мамлекет башчылыгына: тамаша түгөнгөндө… 

Кечээ эле ал сахнада жаркылдап, тамаша менен элди күлдүрүп жүргөн жөнөкөй баладай сезилчү. КВНде ойноп, шоу-программаларда тамаша жазып, интернетке видео жүктөп атак-даңкка жеткен Зеленский – ошол эле жол менен мамлекет башкарууну да тамаша көрүп алды көрүнөт. Бирок мамлекет – КВН эмес. Бул жерде даяр сценарий жок, анекдоттор менен абалды оңдоп кетүү мүмкүн эмес. 

Зеленский блогер сыяктуу элге жага турган сөздөрдү айтып, сахнадан чыккан образын саясатка көтөрүп кирди. Батышты мактап, Орусияны жаман көрүү – бул тренд, популярдуулук алып келе турган багыт деп ойлоду. Бирок реалдуулук башка: саясат – бул лайк чогултуучу TikTok эмес, мамлекет башкаруу – бул "тамаша төр" эмес. 

Бүгүн Украина мамлекет катары ээн калган декорацияга айланды. Батыштан акча сураган видеолор тиктокерлердин жарнамалык роликтерине окшоп калды. Ал эми АКШ мурункудай эле жардам беребиз деген сөзүн эми башкача айтууда: "Кайтара аласыңарбы? Болбосо каражат жок." 

Ал эми Путин өз позициясын бекем сактап, Украинанын келечеги анын Батышка толугу менен баш ийишине эмес, кайра Россия менен кандайдыр бир деңгээлде байланышты сактоосуна көз каранды экенин түшүнүп турат. 

Эң өкүнүчтүүсү – бул элдин трагедиясы. Зеленский качып кетиши мүмкүн, бирок Украина мамлекетинин тагдыры кайда барат? Тили, дили, маданияты бир орустар менен ынтымакка келип, өлкөнү тирештен алып чыгууга болбойт беле? Болот эле… Бирок Зеленскийге саясат эмес, сахнадагы ролу маанилүү болгон окшойт. 

Мамлекет – бул тамаша эмес. Тилекке каршы, тамаша түгөнгөндө трагедия башталат.

Зарылбек Шермаматов 

Последние новости