www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас облусунун Айтматов районунда 124,8 килограмм мыйзамсыз алынган эндиктин тамыры аныкталып, алынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас регионалдык башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, рейд учурунда башкармалыктын башкы аңчылык адистери Кара-Буура постунан мыйзамсыз алынган эндиктин тамырын аныкташкан.

Факт боюнча тиешелүү протокол түзүлүп, алынган эндиктин тамыры жана башка материалдар мыйзамга ылайык кароо жана чара көрүү үчүн Айтматов районунун ички иштер органдарына өткөрүлүп берилди.

Рейддик иш-чаралар жаратылыш ресурстарын коргоо, мыйзамсыз жаратылыш пайдаланууга бөгөт коюу жана браконьерликке каршы күрөшүү максатында үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Последние новости