www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таластын Кара-Ой айылындагы жол кырсыктан набыт кеткендердин арасында 12 жаштагы өспүрүм бар. Бул тууралуу Талас облустук ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады. Эске салсак, 15-октябрь күнү саат 22:54төр чамасында Таластын Кара-Ой айылында Honda Stepwgn менен DAF үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаа кагышып, сегиз адам көз жумган.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, Honda Stepwgn автоунаасынын 40 жаштагы айдоочусу жолдун каршы тилкесине чыгып кеткен. "Жыйынтыгында, ал оор жүк ташуучу автоунаа менен кагышкан. DAF үлгүсүндөгү автоунааны 31 жаштагы айдоочу башкарып бара жаткан. Кырсыктан жеңил автоунаанын айдоочусу жана 60 жаштагы Т.З., 12 жаштагы Ч.А., 26 жаштагы К.Э., 24 жаштагы Н.М., 28 жаштагы Р.А., 58 жаштагы Т.З жана 51 жаштагы Ш.З. аттуу жүргүнчүлөр каза тапкан", — деп жазылат маалыматта.

Honda Stepwgn автоунаасынын айдоочусу жүргүнчү ташып иштегени, кырсык болоор күнү кеч киргенине карабай болжол менен саат 22:00дө киши салып Бишкек шаарына чыгып кеткени айтылат. Кырсык болгон жерге ИИБдин ыкчам-тергөө тобу барып, факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү тизмесине катталды жана тергөө иштери башталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости