www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Министрлер кабинетине Акылбек Жапаровдун келиши экономика үчүн туура кадам болобу?

- Азыр экономиканы, оор кырдаалды түшүнгөн, президентке кошомат кылып калп сүйлөбөй, чыныгы кырдаалды айтып жеткирген кабинет башысы керек. «Америка, Орусия, Казакстан, Кытай, Япония, Европа менен тил табышып сүйлөшө алат» деген мен билгенден 3-4 эле адам бар.

Алар - Темир Сариев, Акылбек Жапаров, Өмүрбек Бабанов жана Алмазбек Атамбаев. Балким башка бирөөлөр кыйындарды, абалды оңдоп кете ала тургандарды көрүп жаткандыр, бирок мен аларды билбейм. Пикиримде, ушул төрт кишинин гана учурдагы кризисте экономикага акылы жетет.

Экономиканы түшүнгөндөн дагы орустар менен кытай лидери Си Цзиньпин, Европа, Америка менен сүйлөшө албасаң алдыга жылуу болбойт. Кыргызстан өз алдынча мамлекет болгондон кийин сырттагылар менен мамиле төзмөйүнчө өзүнчө өнүгө албайт.

Маселен, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай, Орусия, Европа, Америка менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө билген, дипломат болушуң керек. Себеби, инвестиция келбесе, өзүбүздүн ички ресурс менен өнүгө албайбыз. Өндүргөн айыл чарба продукцияларын сыртка сатпасак, чет элдик валюта кирбесе, кантип экономиканы өнүктүрөбүз? Бул мыйзамды мен жазган эмесмин.

Бул закон ченемдүү көрүнүш. Бүт өнүккөн өлкөлөр ушундай схема менен бутуна турат. Учурда экономиканы сактап турган мигранттар болууда. Алар Орусияга барып, жыл сайын эки жарым - үч миллиард доллар акча которуп жатышат.

Бүгүнкү күнү мамлекеттин экономикасын Орусияда, Казакстанда жана башка жактарда иштеп жүргөн алтын жарандарыбыз сактап турат. Эгерде алардан үч миллиард акча келбесе, экономика урап калат.

- Акылбек Жапаровду кошпогондо, сиз айткан адамдардын азыр мындай чоң кызматка келиши дээрлик мүмкүн эмес да...

- Бийликке эл керек болсо, бийликте турган адамдар консенсуска барышы керек. Өзүнүн акылы экономиканы көтөрүп кеткенге жетпей жатса, абактагыны чыгарып туруп иштетүү зарыл. Себеби, кандай гана жогорку кызмат болбосун, алты жарым миллион калкы бар Кыргызстан деген түшүнүк жогору турушу керек.

Булак: Азия News гезити

Последние новости