www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ММКларды инвертизациялоо деген “оюндун” ушул аракети жазда “жашыруун” башталып, азыр бийлик тарабынан мыйзамдарды “жөнгө” салуу боюнча катуу аракеттер жүрүп жатат. 

Мурда кабыл алынган 450дөн ашык мыйзам оңдоп-түзөлүүгө муктаж экенин тээ кышында эле президент белгилеп кеткени бар.

Эми ошолордун ичинен ММК тууралуу мыйзамга (тээ 1992-жылдан бери иштеп келаткан) өзгөртүү киргизүүгө Минюст ашыгып жатканы - ал аракет туура экенинен күмөн жаратат. Андан да жаманы - андай инвентаризация массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн кеңири катышуусу жок өтүүдө.. 

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин башкармалыгынын төрагасы Марс Тулегеновдун айткандарында олчойгон ой жатат.

Болгон тилек: эми тигилер, атап айтканда, так ушул мыйзам боюнча учурда жаңы пайда болгон же жөн гана “шапкеси” гана алмашылгандай таасир жараткан Минюст менен Минкульттун катуу көзөмөлүндө турганы дагы бир ирет ойго салат экен.

Бара-бара көрөбүз да эми. Ал ортодо декабрда эле шайланып-дайындалып, ишке жаңы киришкен КТРКнын жетекчиси да күтүүсүздөн алмашып кеткени да кызык көрүнүш болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости