www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстандын Кандагар шаарындагы шиилер мечитинде жума намаз маалында болгон жардыруудан мерт болгондордун саны 32 кишиге жетти. Дагы 50дөн ашуун адам жараат алганы кабарланууда. Бул тууралуу шаардын борбордук ооруканасынын дарыгерлери "Франц-пресс" маалымат агенттигине билдирди.

Ага чейин "Талибан" кыймылынын өкүлү Билал Карими 15-октябрдагы жардыруудан жабыркагандар көп экенин айтып, окуянын чоо-жайы тууралуу башка маалымат берген эмес. Айрым маалымат каражаттары Кандагардагы мечитте өзүн жанкечти жардырган деп жазып жатышат.

“Биз намаз окуп бүткөндөн кийин ок атыла баштады. Андан соң эки-үч жарылуу болду. Биз терезеден качып чыктык. Көп кишилер шейит кетти. Жарадар болгондор ошол жерде калды. Андан кийин эмне болгонун билбейм”, - деди күбөлөрдүн бири, жергиликтүү тургун Ахмадулла.

Азырынча бул окуянын артында ким турганы белгисиз. Бирок жакында Кундуз шаарындагы шиилер мечитинде 46 киши мерт болгон бомба чабуулу үчүн "Ислам мамлекети" террордук тобу жоопкерчиликти мойнуна алган.

Август айында Ооганстандагы бийликти ээлеп алган "Талибандын" өкүлдөрү "Ислам мамлекети" террордук тобун ооздуктай алаарын белгилеп келет. Бирок бул топ уюштурган соңку чабуулдар Ооганстандагы туруктуулукка байланыштуу кооптонууларга жол ачып койду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости