www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бир дагы партиялык лидердин эл алдында кадыр-баркы жок экени билинди», - деди бүгүн, 16-октябрда, NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Ташболот Балтабаев.

- Ташболот-агай, парламенттик шайлоого партиялардын биригип катышууга бел байлашы партиялардын алсыздыгыбы же анын башка себеби барбы?

- Менин байкоомо караганда, быйылкы парламенттик шайлоого партиялардын көпчүлүгү өзүнө ишенип, шайлоого катыша албай, көптөгөн партиялар менен айласыздан биригүүгө багыт алды.

Алар 5 пайыздык босогодон өтүп алсак, анан өз-өзүнчө кете беребиз деген маанайда шайлоого даярдык көрүп жатышат. Бул көрүнүш партиялардын алсыздыгынан жана жетиштүү электораты бар бакыбат партия жок экенинен кабар берет.

Ошондой эле, бул нерсе бир дагы партиялык лидердин эл алдында кадыр-баркы жок экенинен көрсөттү десек болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости