www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай күн энергиясын изилдөө максатында биринчи спутнигин ийгиликтүү учурду. Чет элдик басылмалар кабарлагандай, учуруу Шанси провинциясындагы Тайюань космодромунан болгон. Спутник Changzheng-2D учуруучу аппаратынын жардамы менен учурулду.

Ракетанын бортуна атмосферанын тыгыздыгын аныктоочу эксперименталдык аспаптар жана коммерциялык метеорологиялык приборлорду кошкондо 10 кичине спутник жөнөтүлгөн.

Жакында Кытай Жерди алыстан байкоочу спутниктердин тобун орбитага ийгиликтүү чыгарган. Аппараттар электромагниттик талааны изилдөө жана технологиялык сыноолорду өткөрүү үчүн иштелип чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости