www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таластын Айтматов районунда Казакстанга өтүп кеткен кой-эчки ээлерине кайтарылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 19-августта милицияга Кайнар айылынын үч тургуну кайрылып, Курт-Булак жайлоосунда жайылып жүргөн 130 баш кой жана 2 эчки жок болуп жаткандыгын билдирген.

Аталган факт милицияда каттоого алынган. Жерине барган милиция кызматкерлери койлор кыргыз-казак чек арасы аркылуу Казакстанга өтүп кеткенин аныктаган. Ага байланыштуу Айтматов райондук милициясынын башчысы Алмазбек Төлөбеков Казакстандын Жамбыл облусунун Жуалы райондук полициясынын башчысы менен сүйлөшүү жүргүзүп, жыйынтыгында 130 баш кой жана 2 эчки кайтарылып, ээлерине тапшырылган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости