www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Ош шаарында жана Ош облусунда өлкөнүн Көз карандысыздык күнүнө арналган майрамдык иш-чараларга катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, мамлекет башчысынын катышуусунда мамлекеттик тууну салтанаттуу көтөрүү аземи, Кыргыз Республикасынын Баатыры Насирдин Исановдун 80 жылдыгына арналган иш-чаралар өтөт.

Мындан тышкары "Төлөйкөн" ипподромунда ат оюндары, ошондой эле башка маданий иш-чаралар өтөт.

Кечинде Президент Жапаров өлкөнүн Көз карандысыздык күнүнө жана Насирдин Исановдун 80 жылдыгына арналган гала-концертке барат.

Иш-чаралар УТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, ошондой эле социалдык тармактардын баракчаларында түз чагылдырылат.

Майрамдык иш-чараларды түз чагылдыруу 09.30да башталат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости