www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери уурулукка шектелип мал базарда мамыга байланган жаран менен болгон окуяны иликтөөнү токтотушту. Бул тууралуу “Азаттык” милицияга шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Милициянын айтымында, адам окуя боюнча арызданган эмес.

Кошумчалай кетсек, милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө акча уурдоого шектүү дагы бир адам кармалган. Учурда уурулук боюнча эки шектүү тең бир айга убактылуу кармоочу жайга камалып, «Уурдоо» беренеси боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эске салсак, 30-апрель күнү эртең менен Талас районундагы мал базарлардын биринде ондогон адамдар бир адамды мамыга байлап, ур-токмокко алышкан.

Милициянын маалыматы боюнча, аталган адам Кара-Буура районунун тургунунун 60 миң сомун, ал эми дагы бир тургундун 6 миң сомун уурдаган деп шектелүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости