www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таласта жаштар арасында калайман мушташ чыкты

Таласта жаштар арасында калайман мушташ чыгып, үч автомашинанын терезеси талкаланды. Бул тууралуу 14-февралда шаардык милиция кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя жекшембиге караган түнү Нуржанов жана Огомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жергиликтүү тургун топ балдар ызы-чуу болуп, таш ыргытып жатышканын билдирип кайрылган.

Факт шаардык ички иштер башкармалыгында каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган. Азыркы учурда окуяга тийиштүү адамдар такталып, териштирүү жүрүп жатат.

Күбөлөрдүн айтымында, эки кичи райондун тургундары, болжол менен 50-60 бала эки тарап болуп мушташкан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости