www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Матраимовдон проект жасап, трайбализмди күчөтүп Жээнбековду оодарып түшүп, өпкө оору өлкөнү оңкосунан түшүрдүңөр. Бул тууралуу пикирин Ернис Нурдин соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.

--Өлкөнүн башчысы жок башы айланып, төрт тарабы тозулуп, тирүүлөй тозоктун торунда калдык. Жайылган тордон араң бошоп, араңжан төрөлгөн баладай тамтаңдап басып баштаганда, митинг-пикетти дагы баштадыңар. Али үка Токтакунов, бу кылганың Кудайга да жакпайт.

Адилеттүүлүктү митинг менен талап кыла албайт экенбиз КЫРГЫЗДАР.  Митингдеги талаптардын аягы мамлекетти талап-тоноп, күйгүзүп-өрттөп жыйынтыктайт экенбиз. Бул бизге окшогон карапайым элге эле кыйын экен. Силерге окшогондорго билет самолетту менен даяр экен, “любой время” учуп кете берет экенсиңер. Раим акам же Атамбаев, АКШ же Батыш менен аласа-бересең болсо өзүң чечишип ал. Кыргызстанды тынч кой үка. Карапайым элге Раимдин соту-оту, жегени-ичкени, төлөгөнү-кусканы да кызыксыз болуп калды. Өткөндөгү силер баштаган митингден бери эл стресстен чыга элек. Ким кандай кылмыш кылган болсо, Кудай эле жазалабаса, бул жагыбыз куда-сөөк болуп тамырлашып, бир тууган дос-тууганга айланып, арам-адалыбыз аралашып, табакташып кетипбиз. Жаз келгенде митингди тый үка. Жергебизде эч болбосо тынчтык болуп турсун. Жеп-ичкендер менен Кудай өзү күрөшсүн. Кыргыздар күрөшөм деп жулунуп барып Ак үйдү өрттөп, Балтабайдын ордуна Тешебайды алып келет экенбиз, -деген Ернис Нурдин.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости