www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин Талас облусундагы мурдагы ыйгарымдуу өкүлү Бакытбек Нарбеков коррупциялык схемага шектелип УКМК тарабынан кармалды. 

Маалыматка ылайык, Нарбеков  коррупциялык жол аркылуу миллиондогон сомдорду "сугунуп" койгону аныкталып, УКМКнын кылтагына илинди. УКМКнын тергөө-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Б. Нарбеков ошол кездеги Талас шаарынын мэри, Талас облусунун Өнүктүрүү фондунун жетекчиси, Талас облусунун курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгынын мурдагы жетекчиси менен сүйлөшүп алып, Талас шаарына тигүү цехин куруудан 7 млн. сом «откаттык» жол менен кымырып алышкан. Келтирилген зыяндын так суммасы тергөөнүн мындан аркы жүрүшүндө белгилүү  болот.

Бакыт Нарбековду таза иштеп, кыйратып жатат дешип троллдор мактап эле жатышты эле, көрсө периште эмес тура. Ошол өзүн-өзү мактаткандар соо болчу эмес эле... Деги Кыргызстанда коррупцияга аралашпаган, мамбюджеттин акчасын уурдабаган, «откат» дегенди билбеген  адам калганбы? Сырттан караганда мыйзамдарга каршы иш кылбай, таза, ак иштегендей таасир калтырышат. Анан эле былыгы чубалып, кылган кылмыштары булайып чыгып оозду ачтырышат...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости