www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы бийликти Афганистан болот деп, элди ишендирген Каныбек Иманалиевдин артында Максүтов деген көркоо бар. Бийлик монстрларына моюн толгоп, моментин таап сүйлөп, мончого түшкөндөй тердеткенкендер көп. Карап көрөлү  режиссер Алтынбек Максүтов деле Жапаровдорго жамынып алып Кытайга барды. Кыргыз элинин бычакка саптуу уулумун деп, «караңгы түндөй» аурасы менен, калкынын башына каран түн, кара көлөкө түшкөндө сүйүнүп чыга калчу Алтынбек Максүтов элге догурунуп жүрүп, чоң образдарды жаратканын  тарых билет. «Керней алкым» Алтынбек Максүтов бийликтин сөзүн укпай, кенедейинен кемчилигин бетине айта албаган Алтынбек мырза, бийлик этегин ачса эт бетинен кетип жөргөлөп кирип кетип жүрөт. Чынын айтсак Алтынбек Максүтов элди  чыпалагына теңебей, бийлик көз кысып койсо сайгактаган бойдон каякка болсо да кирип кетет. Алтынбек Максүтов жеңил саясатчылардан эмес, «оор габариттүү» инсан! Анын саясий масштабы Кыргызстан менен бүтпөйт, ошондуктан мен кыйынмын деп Кытайга чейин сайгактап кетет. Дүйнөлүк деңгээлдеги маданий ишмерлер Алтынбек Максүтовдүн этегине келип намаз окуп кетишин ойлойт.  Филипп Киркоровго окшогон жини барлар этегин өөп буркурап ыйлап ийсе, Алла Пугачева, Роза Рымбаева, София Ротару, «Ялла»  сыяктуу дүйнөлүк маданияттын дөө-шаалары Алтынбек Максүтовдүн көз-карашы менен эсептешсе дейт. Анын  эл-журттагы кадыр-баркы төмөн болуп, керек болсо тирүү министрге өкүрүп келсе, топ адамдар коштоп келген. Мурунку бийлик анын мындай аброюунан коркуп, ага сахнада болуп көрбөгөндөй бут тосууларды жасаганы белгилүү. Алтынбек Максүтов чыйт түкүрүп басып кеткен учурлар көп болгон. Ал сөзүнө абдан начар жигит, ошондуктан ага чоң маданият ишмерлери магниттей жабышпай, качып турушат. Арийне, сараң болом деп жүрүп акыркы мезгилде элге жагымдуу  сөздөрүнө бекем кулпу салып таштады. Балким «Ачыла элек сандыкта, бычыла элек кундуз бар» - дегендей кептин кебин иргеп, келе турган күрөштөргө күчүн сактап жатабы? Себеби, себеленген октон кийин келген бийликке элдин купулу толгон жок. Баягы эле акаев-бакиевчил «жугундукорлор» бийликти селдей каптап келатат. Бийликке аурасы кир Алтынбек Максүтовго окшогон жаман кандын кимге  кереги бар?  Жарыла албай турган ириңдей турганыбызда, жаман сөздөрү менен жарк этип качан чыга калат деп, Алтынбек Максүтовду тарапты жал-жал карап турабыз. Аскадан секирип ааламдын оозун ачырган министр Алтынбек Максүтов бийликте жаман күч экенин билет болду бекен?

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 17-майда, мамлекеттик сапар менен Кытай Эл Республикасына барган. Бул тууралуу кытайлык CCTV+ агенттиги NazarNews маалымат агенттигине билдирди. Мамлекет башчысы сапардын алкагында «Кытай-Борбор Азия» саммитине да катышты. Белгилей кетсек, ушул жылдын 18-майынан 20-майына чейин созула турган сапардын жүрүшүндө КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландаштырылууда. Эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча кызматташтыкты тереңдетүү жана кеңейтүү маселелерин талкуулашат. Ошондой эле Президент Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Цян, Кытай Элдик саясий консультациялык кеңешинин Бүткүл Кытай комитетинин төрагасы Ван Хунин жана КЭРдин башка расмий өкүлдөрү жана бизнес чөйрөсү менен жолугушуулары пландалууда.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

Алтынбек Максүтов - маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;

Айгүл Жапарова – Президенттин жубайы;

Жээнбек Кулубаев - тышкы иштер министри;

Муратбек Азымбакиев -   Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;

Актилек Мусаева – Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси;

Айбек Джунушалиев – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги;

Азамат Осмонов - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги;

Аскарбек Джаныбеков - айыл чарба министри;

Талантбек Иманов - санариптик өнүктүрүү министри;

Тилек Текебаев - транспорт жана коммуникациялар министри;

Данияр Амангельдиев - экономика жана коммерция министри;

Таалайбек Ибраев - энергетика министри;

Умбриэль Темиралиев - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору;

Самат Исабеков - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;

Эмилбек Абдыкадыров - Бишкек шаарынын мэри;

Бакытбек Жетигенов — Ош шаарынын мэри.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

Последние новости