www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талибан өкмөтүнө караштуу Адепти жайылтуу жана бузукулуктун алдын алуу министрлиги кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы өтө кымбат, кашты оңдоо жана чач өстүрүү "шарият мыйзамдарына каршы келет" деген жүйө менен Ооганстанда сулуулук салондорунун 23-июлдан кийин иштөөсүнө тыюу салууну чечти", - деп жазат Hasht-e Subh Dailу басылмасы.

Ал-Арабия телеканалы талибдердин өлкөдөгү сулуулук салондорун жабуу ниети тууралуу январь айында кабарлаган. Бирок кийин өкмөт бул маалыматтарды четке каккан.

Өткөн жылы талиптер кыздар окуй турчу мектептердин көбүн жаап, аялдардын университеттерге баруусуна тыюу салган. Аларга хиджаб кийүү талап кылынган. Талибан ошондой эле эркектер жана аялдар үчүн өзүнчө парктарды кыдырууну киргизген: аялдарга эс алуу жана көңүл ачуу жайларына жекшемби, дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү, ал эми эркектерге шаршемби, бейшемби, жума жана ишемби күндөрү келүүгө уруксат берилген. Андан соң аялдарга аттракциондору бар оюн-зоок парктарына барууга тыюу салынган.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости