www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунун Тамчы айылындагы аэропорттунун шыбынан аккан суу боюнча «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы түшүндүрмө берди.

Маалыматка ылайык, мөндүрдүн кесепетинен ушундай жагдай жаралган. 

«Кечээ Тамчыда жаан жана мөндүр жааган. Мөндүр суу кеткен түтүктөргө толуп, анын кесепетинен каттоо зонасын суу каптаган. Бул көйгөй 30 мүнөттүн ичинде чечилди. Учурда аэропорт штаттык режимде иштеп жатат жана рейстер кармалган эмес», - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары Ысык-Көлдүн Тамчы айылында жайгашкан аэропорттун шыбынан жамгырдын суусу агып жаткан видео менен бөлүшкөн.

«Бирде тосмосу кулап, эми минтип үстүнөн жамгыр аккан чыры бүтпөс Тамчы аэропорту. Уят, эң эле уят. Жайдын чилдесинде, туристтик сезондун ортосунда ааламга уят болдук го. Мына тендер деген коррупциянын кесепети»,- деп жазышууда соцтармак колдонуучулары.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости