www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын шаарында жыйын өткөрдү. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Бүгүн, 2025-жылдын 25-июнунда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары- УКМК төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Нарын шаарына барып, жыйын өткөрдү. 

Аталган жыйынга Президенттин Иш башкармасынын жетекчиси Каныбек Туманбаев, КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эргешов Алтынбек, Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, Нарын облусунун райондук, мамлекеттик администрация жетекчилери, шаар мэри жана жергиликтүү башкаруу органдарынын башчылары катышты.

Алгач Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Эргешов облуста аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берди. 

Деген менен, генерал-полковник К.К.Ташиев айтылган долбоорлордун басымдуу бөлүгү ишке ашпай токтоп турганын айтып, жетекчиликти сынга алды. 

УКМК төрагасы 2025-жылы план боюнча Нарын облусуна бюджеттен 9,4 млрд акча каражаты бөлүнгөнүн, ал эми мамлекет башчысы Садыр Жапаров жакында эле Президенттин фондунан Нарын шаарына кошумча 807 млн. сом бөлүп бергенин кошумчалады.

 Андан соң, төрага облус жана шаардагы негизги көйгөйлөргө четинен токтолду.  

Алсак, Нарында жол куруу иштери кечеңдеп, анын ичинде шаардагы Ленин жана Шералиев көчөлөрүнүн курулушу бир жылдан бери бүткөрүлбөй, жергиликтүүлөрдүн нааразычылыгын жаратып жаткандыгы белгиленди. Мындан улам, аталган жолдорду курууга жооптуу “Бета Групп” ЖЧКсынын ишмердүүлүгүн текшерүү тапшырмасы берилди. УКМК төрагасы аталган негизи жолдорду Шералиев көчөсүн 10-августка чейин, ал эми Ленин көчөсүн 20-сентябрга чейин бүтүрүү талабын койду. Аны менен катар облустагы дагы башка жолдордун курулушу боюнча Транспорт министрлигине тапшырмалар жүктөлдү.

Облусту көрктөндүрүү, жарыктандыруу иштерин ар бир айыл өкмөтү колго алуусу керектиги айтылды. Мындан тышкары, шаарда курулуп жаткан ипотекалык үйлөр 3 айдын аралыгында толук бүткөрүлүп, жарандарга берилээрин Президенттин Иш башкармасынын башчысы К.Туманбаев убадалады. 

Жыйындын жүрүшүндө УКМК төрагасы Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин суранычтарын угуп, шаардагы транспорт көйгөйүн чечүүгө, айрым райондорго спорт комплексин, калкты тейлөө борборун курууга, коммуналдык чарбага жана райондордогу ички социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө керектүү акча каражаттарын бөлдүрүп берди.

Мындан тышкары Нарын аэропорту август айында пайдаланууга берилип, ички аба каттамдары жанданары кошумчаланды.

Төрага облустун жетекчилерине кайрылып, таза иштөөгө, коррупциялык элементтерден сак болууга чакырды.    

Жыйындын соңунда коюлган тапшырмалар кынтыксыз аткарылып, баары жеке генерал-полковник К.К.Ташиевдин көзөмөлүндө болоору белгиленди.

Последние новости