www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 25-июнда Малайзиянын борбору Куала-Лумпурда өлкө башчы Садыр Жапаров Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Анда Садыр Жапаров жана Анвар Ибрагим Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы келечектеги гүлдөп-өнүгүү үчүн стратегиялык өнөктөштүк багытында кызматташтыкты чыңдоо боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.
Ошондой эле эки өлкө ортосунда төмөнкү жааттарда кызматташуу боюнча 10 документке кол коюлду:
Туризм тармагында кызматташуу боюнча меморандум;
Санариптик трансформация жана киберкоопсуздук жаатында кызматташуу боюнча меморандум;
Жогорку билим берүү тармагында кызматташуу боюнча меморандум;
Саламаттыкты сактоо тармагында кызматташуу боюнча меморандум;
Жаштар саясаты жаатында кызматташтыкты түзүү жөнүндө ноталар менен алмашуу;
Дипломаттарды даярдоо жана илимий алмашуу жаатында кызматташуу жөнүндө ноталар менен алмашуу;
Кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жаатында кызматташуу боюнча ниет каттарын алмашуу;
КР Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун (СДУИ) жана Малайзиянын Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр институтунун (ISIS) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Кыргыз Экспорт” экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору менен Малайзиянын Тышкы сооданы өнүктүрүү корпорациясынын (MATRADE) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Малайзиянын Улуттук соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.