www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Памирдеги жердештер кыргыз маданиятынын эң эски өрнөктөрүн сактап калышкан. Мындай пикирди Памир кыргыздарын көп жылдан бери изилдеп жүргөн профессор, тарых илимдеринин доктору Сулайман Кайыпов айтты.

--"Памирдеги жердештер кыргыз маданиятынын эң эски өрнөктөрүн сактап калышкан. Алардын жеген тамак ашынын бизде ондон бири да жок. Биз этти кайнатып алып эле камыр кошуп жеп, бешбармак бар деп олтура беребиз. Ал жерде тамактын жүздөгөн түрү бар.

Эч дан өспөгөн жерде, 4500 метр бийиктикте жашап алып, ошол жердин аялдары нанды эстетикалык деңгээлге көтөргөн, анын түрлөрү канча. Мен тамак-аш маданияты тууралуу үч том китеп жаздым. Кошоктору, табышмактары, макал-лакаптары тууралуу эмгектерди жаздым. Чоң маданияты бар эл", - дейт тарыхчы. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости