www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Удаа келбейт, бирок үзүлбөйт” – деп Калыгул олуя айтып кеткен. Калыгул олуянын жердештери ар кайсы президенттердин учурунда ыңгайга жараша мамлекеттин бир кулактарын чоюп турушту, удаа келишкен да жок, бирок үзүлүшкөн да жок. Талгарбеков Акаевдин учурунда айыл чарба реформасын жасады, Жекшенкулов Бакиевдин учурунда жердештери Акылбек Жапаров, Сапар Исаковдун кызматтык карьерасы өсүшүнө көмөк көрсөттү. Султанов курулуш бизнесине калкып кирип, бекемделди. Исаков ЦАРИИде чиновник болуп туруп, Атамбаев президент болор менен оң колуна айланды. Абылгазиев эч кимдин колу барбаган пенсияны кайсоого өттү. Акылбек Жапаров “криссталдай аппакмын” деп, өнөктөштөрүн баталгага салып берип жатат.

Эми булар тууралуу кененирээк жазалы. Акылбек Жапаровдон баштасак, бүгүнкү күндүн “жылдызы”, Жапаров бийликке келген соң депутат Жапаровду кеңешчи кылып алган. Жапаров кызматын жууп майрамдап кетип, ал кездеги премьердин милдетин аткарган Жапаровдун каарына калып, аз жерден кызматынан мыйтып кете жаздаган. Кеңешчи катары Жапаров көп жетишкендикке жетишти, ал ушул күнгө чейин жашырып жүргөн 90 миллион сом мамлекетке бересеси элге билинип калып, ары карап ыйлап, бери карап күлүп жүрүп камактан кутулуп, мунун изин жашырып кетти. “Кыргызалтынга” кирише калып, алтындарды бурдай турган жерлерге өз кишилерин коюп, алтын кенинен «грамм» да пайда тапкан жокмун деп жаланып-жуктанып минфинге министр болуп кетти. Финпол болсо Акылбек Жапаровдун жубайы Анарага карата Ысык-Ата районунда катталган «МИС» компаниясы салык төлөбөгөн факты боюнча козголгон кылмыш ишинин жүрүшү жөнүндө какшап кала берди. Аталган фирма Акылбек Жапаровдун жубайы болгон Жапарова Анара Барыктабасовнага катталган. «МИС» компаниясы Ысык-Ата районундагы өнөр жай, соода жана айыл чарба багытындагы 30га жакын кыймылсыз мүлк объектилерине ээлик кылып, камсыздандыруу төгүмдөрү жана башка социалдык төлөмдөр үчүн милдеттүү төлөмдөрдү төлөгөн эмес. Акыркы бир нече жыл ичинде компания ири жүгүртүм болгонуна карабастан, нөлдүк салык отчетун берип, ошону менен мамлекеттик бюджетке 90 миллион сом өлчөмүндө өзгөчө ири зыян келтирген.

Мындан тышкары, «МИС» 2009-жылы айрым жогорку кызмат адамдарынын жардамы менен Үрөн тазалоочу заводду реконструкциялоо жана кант кызылчасынын үрөнүн өстүрүү үчүн Мамлекеттик экономикалык өнүгүү фондунан 200 миллион сом бюджеттик ссуда алган. Компания насыяны 2012-жылга чейин төлөп бүтүшү керек болчу, бирок ал каражаттар башка максаттарга жумшалган, бирок андан кийин ал эсептелген пайыздар менен санкциялардын мөөнөтүн узартуу жана эсептен чыгаруу менен төлөө мөөнөтүн 2025-жылга чейин узарткан.

Мухамедкалый Абылгазиев эл-журтка пенсия бере турган Соцфонддо министр болуп жүрүп Атамбаевдин аркасы менен Ак үй тарапка жылган, Жээнбеков президент болгондо аны алып келген Атамбаевди «кидать» этип, премьер-министр болгон. «Назарньюс» сайты алардын кетирген кемчиликтери тууралуу көп жазган. Пенсия тарапка кол салып жатканын белгилегенбиз. Коррупциялык схема мындай Соцфонддун министри Абылгазиевдин жек-жааты Медер Ирсалиев райондук пенсия башчыларына салык салат. Алар өз чөнтөгүнөн төлөшмөк беле айылдык пенсия башчыларына салык салат, алар пенсионерлерден кармап алат. Жээнбековдун учурунда «Жабылуу аяк» болуп келаткан. Соцфонддун төрагасы Медер Ирсалиев жегенин жашыруу максатында биздин редакцияны сотко берген. Бирок соттошконго келгиче бийлик алмашып кеткен. Бул иштин бети ачылып Медер Ирсалиев эми жооп берип жатат. Абылгазиев да 10 млрд сом үчүн камакта болсо керек.

Сапар Исаков ЦАРИИнин маалыматын тейлеп турганда ТЭЦти 150 млн жана 200 млн долларга оңдотуш үчүн «кудалар» түшкөн, бир аз убакты өтпөй бийлик алмашып кетип, президент Атамбаев чекесинен сылаган президенттин тышкы иштер бөлүмүн жетектеген Сапар Исаков ТВЕАны 386 млн долларга таап келген.Эмне ошол кезде «куда» түшкөн 150 млн долларга жасаса болмок эмес беле?

Калык Султанов «Ата-Мекен» партиясына кире калып, транспорт, курулуш министрине айланып Кыргызстандагы бардык курулушту тейлеп калган. Натыйжасы чиновниктер чалчаңдашып кымбат баалуу элиталык квартираларда бир квартирага майкасын чечишсе, бир квартирага турсийин чечип калышкан. Ал эми жөнөкөй адамдардын балдары баш калкалаганга үй да таппай калган. Текебаев камалар менен Калык Султанов Атамбаевдин колтугуна кире качып мамлекетти башкарган чоң кызматка орношкон.

Аликбек Жекшенкулов жердештери Акылбек Жапаров, Сапар Исаковдун кызматтык карьерасы өсүшүнө көмөк көрсөткөнү болбосо, иш жагынан камчы салдырган жок. Легендарлуу парламенттен саясатка аралашып жүргөн Текебаев экөө эле калды болуш керек. Орусия Федерациясында элчи катары көптөгөн жакшы иштерди аткарып жаткан, бирок эмне себептен мурунку БШКнын төрайымы, акчаны ашап Орусияга кире качып, элден жашырынып атын да өзгөрткөн айымга ордун бергени түшүнүксүз.

Бекболот Талгарбеков өтө одиоздуу фигура. Акаев качып кеткен соң, башкаларга окшоп Талгарбеков саткан жок. Ал эмес андан кийинки президент Бакиевдин пресс-катчысы Шакиев иштеп бериңиз десе баш тарткан. Ал Жалал-Абадда губернатор кезинде азыркы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жаш саясатчы катары көңүлүнө жагып калып, алдыга кетүүгө таяныч болгон. Бекболот Талгарбеков Кыргызстанда айыл чарба реформасын жасаган. Учурунда Кыргызстанда болуп жаткан айыл чарба реформасына Нурсултан Назарбаев да көз артып, ушул жол менен реформа кылган, айырмасы ал жакта «чоң муштум» акимдер бийлик кылып жерди бөлүштүргөн. Бизде айыл чарбасында бардык элге бирдей үлүштө тегиз бөлүп берүүдө үлгү көрсөтүшкөн. Өтө курч реформаларды жасап, бирок учурунда партбоссторго жакпаса, бүгүн дембоссторго жакпай келаткан Бекболот Талгарбеков деген бар. Азыр аны айтышат Талгарбеков талкалап салбаса айыл чарбасы гүлдөп өсүп кетмек деп. Негизи айыл чарбасынын талкаланышына Талгарбеков эмес СССРдин тарашы күнөөлүү болсо керек. СССР тараган соң чакалап төгүп салган бензиндер кымбаттап, колхоз-совхоздордун тарпы чыга баштаганда айыл чарбасында мурунку СССРде жок реформа жүргүзүп, сактап калган Талгарбеков болсо керек. Ар бир адам өз энчисин алып калды, кошуна казактарда акимдин буйругусуз таш балакет жок, Өзбекстан көп жерин, байларга арендага берип коюшуп, эми гана Талгарбековдун реформасына бет алды.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости