www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Партияны жетектөө оңой эмес экенин жон терим менен сездим», - деди бүгүн, 19-июлда NazarNews маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев.
- Марлен Абдрахманович, Шаардык Кеңештин кайра шайлоосу адилеттүү өттүбү?
- Бишкекте мурдагыга караганда жакшыраак өттү. Бирок, 2 партия тарабынан мыйзам бузуулар катталды. Аларды сөзсүз шайлоодон четтетиш керек. Тилеке каршы, БШКда алардын колдоочусу чоң экен. Адрестүү эле күрөш болуп жатат. Өздөрүнүкүнө көңүл бурбай жатышат. Ошто да такыр эле шайлоо оңолбой койду. Ал жерде да партиялардын жетекчилеринин Борбордук шайлоо комиссиясында колдоочусу чоң экен. Куда болуп жатса, анан кантип аларды шайлоодон четтетмек эле.
БШКнын мүчөлөрү жаңы шайланса да, айрымдарын артка кайтарылып алышыбыз керек. Антпесек Жогорку Кеңештин шайлоосунан кийин чатак чыккыдай.
- Кайра болгон шайлоодон кандай сабак алдыныз?
- Мен чоң эле сабак да, улгу да алдым, бир топ такшалдым. Партияны жетектөө оңой эмес экенин жон терим менен сездим.
- Эмнеге Ош шаарындагы шайлоодон баш тарттыңыз?
- Ошондой чечим алууга аргасыз болдук. Түрдүү провокациялар уюшулаарын билип, таза шайлоо өткөрөбү деген убадам ишке ашпасына көзүм жетип, Ош шаарныдагы шайлоого катышпоо чечимин кабыл алдык. Буюрса, бишкекте ийгиликке жеттик.
- Сизди Бишкек шаарынын мэри кызматынан көргүсү келгендер көп. Эгер чындап ошол кызмат берилип калса, иштеп кете аласызбы?
- Мен мамлекет үчүн элим үчүн кайсыл жерде пайда алып келе алсам, реформаларды жүргүзө алсам, иновациялык чечимдерди киргизе алсам, ишеним көрсөтүлсө берилген кызматты аркалап, чын дилимден иштеп берүүгө аракет кылам.
Булак: NazarNews.kg