www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер органдарында иштегендердин колу-буту байланып калган. Бул тууралу Ички иштер министрлигинин Коомдук байкоочу кеңешинин төрагасы Ялкун Давутов иштин чабал жүрүүсүнө себеп болуп жаткан жагдайларды айтты. 

--"Биринчиден, 2019-жылы 1-январда күчүнө кирген Кылмыштар жана жоруктар тууралуу мыйзамдын айынан ички иштер органдарында иштегендердин колу-буту байланып калган. Майда уурулук 10 миң сомго чейин болсо, Жоруктар боюнча кодекстин алкагында каралат. Анда тергөөнүн мөөнөтү көрсөтүлгөн эмес.

Мисалы, менин 9800 сомдук телефонумду бирөө уурдап кетип, милицияга барып арыз жазсам, аны тергөөчү качан карары белгисиз. Эки, үч жылга чейин деле арызым каралбай жата бериши мүмкүн. Ушундай майда уурулукка байланыштуу эл арасында тергөөчүлөргө карата нааразычылык абдан көп. Экинчиден, бир тергөөчүдө 500дөн миңге чейин иш бар. Анын баарын карап чыкканга мүмкүнчүлүгү, ресурсу да жетишпейт.

Эки жылдын ичинде бети ачылбаган миңдеген иштер чогулуп, уурулук, талап, тоноочулук сыяктуу кылмыштарга күнөөлүү деп табылгандардын төлөбөй жүргөн айып пулунун өлчөмү бир миллиард сомдон ашкан", - дейт Ялкун Давутов. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости