www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Германия Федеративдʏʏ Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркелге жана өлкө президенти Франк-Вальтер Штайнмайерге Германиядагы суу каптоонун кесепеттеринен каза болгондорго байланыштуу көӊʏл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргыз элинин атынан жана өзүмдүн атымдан Түндүк Рейн-Вестфалия жана Рейнланд-Пфальц федералдык аймактарында суу каптап, анын кесепетинен көптөгөн адамдар каза болгондугуна байланыштуу тереӊ кайгыруу менен көӊʏл айтам. Бул кырсыкта каза болгондордун үй-бүлөлөрүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөм. Жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм», - деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости