www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сулайман Кайыпов:

Кыргызда азыр диаспора саясаты жок. Бул тууралуу Памир кыргыздарын көп жылдан бери изилдеп жүргөн профессор, тарых илимдеринин доктору Сулайман Кайыпов билдирди. 

--"Памирдеги кыргыздар тагдырын оңдош керек да. Ооганстан менен эл аралык достук байланышты түзүш керек. Диаспора саясаты болуш керек. Кыргызда диаспора саясаты жок да азыр. Диаспора саясаты – дүйнөдөгү улуттук саясаттын эң маанилүү бөлүгү деп эсептелет.

Ооганстандын жетекчилиги менен сүйлөшүү керек да. Убагында Рахманкул хан ооган жетекчилери менен сүйлөшүп, ошол жерди өзүнчө бир Кыргыздардын автономиясы катары кармап турган. Аскер берген эмес. "Төрт чек араны кармап турат. Туулганда эле аскер болуп туулат, буларды аскерге албайбыз” деген Закир шах. Андан кийин алардан салык алган эмес. Малдарын Кабулга чейин айдап барып сатканда дагы, булардан салык алган эмес. “Булар өзүнчө жашасын, өзүнүн маданияты, өз тили, өз аймагы. Ошолорду көрүп жашай берсин" деген.

Автономия деген парламенттен өтүп, мыйзамдаштырылган эмес. Бирок турмуштун өзүндө кадимкидей эле Рахманкул хан болуп, кадимкидей эле Ооганстандын ичинде Кыргыз автономиясы сыяктуу эле жашаган. Ал жер абдан кең жер", - дейт Кайыпов. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости