www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кения полициясы Мастен Ванжала аттуу 20 жаштагы кишини кармап, суракка алганда ал өспүрүмдөрдү өлтүрүп, канын ичип жүргөнүн мойнуна алган. Бул туурасында Daily Mail басылмасы жазды.

​Маалыматта анын ондогон балдардын канына забын болгону айтылган.

Полиция Кениянын борбору Найробиде эки баланын сөөгү табылгандан кийин, эки күн мурда, Ванджалунун изине түшкөн. Суракта ал ондогон балдарды өлтүргөнүн, биринчи кылмышты 16 жашында жасаганын мойнуна алган.

"Алгач 12 жашар кызды уурдап кетип, өлтүргөн. Бычактап, жарадар кылгандан кийин канын ичип, ошол жерге таштап баса бергенин айткан", — деп жазды басылма.

Мындан кийин ал кынык алып, адамдын оюна келбеген кылмышын уланта берген. Басылманын жазганына таянсак, үч жылдан кийин мындай кандуу окуяны дагы жасаган.

Жакында эле өлтүргөн эки өспүрүмдү алгач тирүү кайтарып берүү үчүн 200дөн 330 фунт стерлингге (23 300 – 38 700 сом — ред.) чейин акча талап кылган. Тилекке каршы, балдардын үй-бүлөсү ал акчаны таап бере албай калган.

Иликтөө учурунда Мастен Ванжала полиция кызматкерлерине кандуу иштеринин кайда жасалганын көрсөтүү үчүн бир нече жерге алып барган. Маалыматта канкордун балдардын сөөгүн жүгөрү талааларынын жанындагы бадалдарга жана канализациянын кудуктарына ыргытып турганы айтылган.

Учурда полиция анын шериктери бар-жогун териштирип жатканы кабарланды.

Басылма Кенияда өткөн жылы 242 бала жоголгондугун жазган. Булардын көбү ата-энесине аман-эсен кайтарылса, тилекке каршы, 10 баланын сөөгүн табышкан. Ал эми 18 бала дайынсыз боюнча калган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости