www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстан 345 этникалык кыргызды Ооганстанга кайтарды

13-14-июль күндөрү талибдерден качып Тажикстанга киришкен Ооганстандын Бадахшан провинциясынын Вахон районундагы Андемин айылынын тургундары 17-18-июлда туруктуу жашаган жерине кайтышты, деп Тажикстандын УКМКсынын Чек ара аскерлерине шилтеме берүү менен тажик ММКлары билдирди.

345 качкын 4000 үй жаныбарлары жана унаалары менен үйлөрүнө кайтышты.

Чек арачылардын айтымында, Ооганстан өкмөтү тарабынан алардын коопсуздугу кепилденгенден кийин качкындарды кайтаруу Мургаб районунун Кызыл-Работ айылы аркылуу уюштурулган.

«Мургаб чөлкөмүнүн Чоштеппа жана Дуютук участкаларында жүргөндө Ооганстандын качкындарына БУУнун Качкындардын статусу жөнүндө конвенциясына ылайык тажик тараптан убактылуу жашоого жер, тамак-аш, кийим-кече жана медициналык жардам көрсөтүлдү», - деп биилдирди чек арачылары.

13-14-июль күндөрү Ооганстанда жашаган 347 кыргыз тургун (анын ичинен 91 эркек, 77 аял, 177 жашы жете элек өспүрүмдөр (64 эркек бала, 113 кыз) талибдерден качып Тажикстанга киришкен. Мамлекеттик чек арадан өтүп жатканда эки ымыркай чарчап калган.

Кыргыз бийлиги Тажикстан менен БУУга этникалык кыргыздарды Кыргызстанга көчүрүп келүүгө көмөктөшүгө даяр экенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости