www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги  экс-депутат Ташболот Балтабаевге кайрылып, коомчулуктун сынына калып, сел жүргөн жерге барбаган Өзгөчө кырдаалдар министри боюнча пикир алыштык.

--Ташболот мырза, Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун  сел жүргөн  жерге барбай койгону коомчулуктун сынына калды. Негизи  министр табигый кырсыктар болгон жерге барууга милдеттүүбү? 

--Өзгөчө кырдаалдар министри жаратылыш кырсыктары болуп жаткан жерге  милдеттүү түрдө биринчилерден болуп барыш керек. Кандай абал болсо да элдин кашында болуп, абалды жөнгө салууга, селдин кесепеттерин жоюуда тикесинен тик турушу керек. 

--Эгер барбай койсо жазаланышы керекпи?

--Өзүн өзү  жазалап, министр Замирбек Аскаров  токтоосуз отставкага кетиши керек. Өзү отставкага кеткенге эрки жетпесе премьер деген бар, парламент деген бар, президент өз баасын берип,  мындай учурда тийиштүү чечим кабыл алышы керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости