www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жашы жете элек сегиз баланы тарбиялап жаткан жалгыз бой энеге Токмок шаарынан үч бөлмөлүү батир берди. Бул тууралуу аталган комитеттин маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин турмуштук оор кырдаалга кабылган келин Ташиевге турак жай берүү маселесин кароо өтүнүчү менен кайрылган.

Батирде бардык керектүү эмеректер бар. Аял УКМКнын башчысына сезимталдыгы жана маселени ыкчам чечкени үчүн ыраазычылык билдирди.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости