www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын атынан Олимпиада оюндарында экинчи дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу болмокчу. Маалыматты  дзюдо боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Абдужалил Юнусов тастыктады.
Башкы машыктыруучунун айтымында, Айбек уулу рейтингдин негизинде лицензия алуу үчүн кайрылган, бирок акыркы турнирлерде оорунун айынан ийгиликсиз чыгып, лицензия алуучулардын тизмесине кирүү үчүн 80 упай жетпей калган.

Ага карабай Айбек уулу квота алат, анткени Шеров дүйнөлүк рейтингде алдыңкы бештикке кирип, буга чейин Олимпиада оюндарына лицензия утуп алган. Ал эми Шеровдун бул жыйынтыгы Кыргызстандын дзюдочуларына кошумча квота алууга мүмкүнчүлүк берет.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости