www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутаттардын жана мамлекеттик кызматкерлердин арасында чоң фармкомпаниялары барлар көп, деп билдирди Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев.

«Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин бир тууган карындашы бар экен. Алар фармакологиядагы мафияны министрликтин деңгээлине чыгарып алышкан», - деди Ташиев.

Космосбек Чолпонбаев саламаттык сактоо министри кызматын в 2018-2020-жылдары ээлеген.

2020-жылы 1-апрелде кызматтан бошотулган. Ошол эле жылы сентябрда Каржы полициясы тарабынан шалаакылык жана кызматтан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалган.

Биринчи май райондук соту аны үй камагына чыгарган. Азырынча кылмыш иши кайсы баскычта экени белгисиз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости