www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташкендеги Оксарой резиденциясында Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримовдун атындагы китепкананын ачылышы болду.

2018-жылы негизделген китепкананын буга чейин окуу залы гана болгон. Китепкананы реконструкциялоо иштеринин жүрүшүндө бир канча бөлүмү ачылып, заманбап материалдар менен жабылды.

Китепканада 70 миңден ашык китеп, 10 миң журнал, ошондой эле Ислам Каримовдун кол жазмалары менен китептери бар. Мындан тышкары анда Каримовдун чет өлкөлүк сапарларында белек катары алган китептери, монографиялар жана көркөм чыгармалар коюлган.

Ислам Каримовго белек катар берилген китептердин арасында Орусиянын биринчи президенти Борис Ельциндин, Изралдин экс-президенти Шимон Перестин жана Кыргыз Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун автографы менен китептер бар.

Китепкананын ачылышында Өзбекстандын мурдагы биринчи айымы Татьяна Каримова да катышып, сөз сүйлөдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости