www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайсы эмгеги үчүн КР Эл Баатыры наамын берүүнү чечкенин айтты.
Ал бүгүн сыйлык тапшыруу аземинин алдында сүйлөп, Ташиевдин 2010-жылдагы Июнь окуясында жасаган иштерин эске салды.
"Эгемендүүлүктүн соңку жылдары бир топ оош-кыйыш күндөр, эл биримдигине бүлүк салган окуялар болуп кетти. Кара ниет, чагымчыл адамдар бир тууган элдин ортосуна жик салууга аракет кылышты. Ал кайгылуу окуялар менен дагы коштолду. Өлкө башына ошондой каран күн түшүп турган маалда кара башын канжыгага байлаган, жанын тобокелге салып чыр-чатакты токтотуп, эки элди жараштырган эр азаматтарыбыз болду. Кээ бир өзүн баатыр сезгендер ал жакка бармак түгүл караандары көрүнгөн эмес. Жаңжалды токтотуп, эки элди элдештирүүдө сап башында бүгүнкү УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев турганын эч ким тана албайт. Муну мен өз көзүм менен көрүп, ошол окуяларга катышкан адам катары айта алам", — деди Жапаров.
Ошондой эле анын бүгүнкү күндө өлкөнүн коопсуздугун чыңдоо, чек араны бекемдөө жана күч органдарын реформалоо аракеттерин көз жаздымда калтырууга болбой турганын айтты.
"Анын буга чейин эл кызматында болуп, эл уулу атанткан иштери татыктуу бааланганын эл дагы туура көрүп жүрөт. Мындан сырткары, азырынча элге беймаалым, бирок менин көз алдымда турат, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн чейрек кылым бүтпөй келген зор иштерди бүтүрдү. Бул иштер азырынча сыр болуп турат, убагы келгенде кийинчерээк ачыктайм", — деди президент.
Белгилей кетсек, Жапаров кечээ Ташиевге мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн "Ак Шумкар" өзгөчө белгисин тапшыруу менен Кыргыз Республикасынын Баатыры артыкчылык даражасын ыйгарганы белгилүү болгон.