www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташкентте эркек киши аялды колу-бутун таңып, сабаган. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазышты.

Ташкент шаарында Мирзо-Улугбек РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө 5-май күнү билдирүү келип түшкөн. Анда аял киши коңшусунун үйүндө ызы-чуунун үндөрү чыгып жатканын айткан.

Милиция кызматкерлери батирге кирген учурда, колу-буту скотч менен таңылган аялды көрүшкөн. Ошондой эле аялдын денесинде зомбулуктун көптөгөн белгилери болгондуктан, ага медициналык жардам көргөзүлдү.

Аталган дарекке барган укук коргоо органдары подъездден качып чыгып, изин жашырып кетүүгө аракет кылган жаранды кармашкан. Ал №2 ички иштер бөлүмчөсүнө алынып келип, ал Үчтепин районунун тургуну Я.А. атту жаран экени аныкталды. Ал буга чейин дагы кылмыш жоопкерчилигине тартылганы кабарланды.

Учурда тергөө жүрүп жатканы белгилүү болду. 

Булак: NazarNews.org

Последние новости