www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташкентте карантин маалында үйдөн чыгууга тыюу салынган пенсионерлер пенсия алуу үчүн “Халк банк” филиалдарынын алдында узун кезекке турушууда. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Өзбекстан борборунун Алмазар районундагы банк имаратынын алдында кезекке турган пенсионерлерди калаа тургуну видеого тартып алган:

– Кезекке тургандардын эң эле жашы – элүүдө, бирок көбү – 60-65 жаштагы кишилер. Карантин маалында алар пенсия алуу үчүн кезекке турууга мажбур. Коронавирус карыган кишилер үчүн кооптуу экени көп айтылууда. Андай болсо пенсионерлер эмне себептен банк алдында кезекте турушат?

“Халк банктын” өкүлү бийлик 13-майдан тартып пенсия жана жөлөк пулдарды толугу менен пластик карталарга которуу тажырыйбасынан баш тарткандан кийин абал оорлошуп кеткенин айтты.

Өзбек бийлиги 14-апрелде бардык соцтөлөмдөрдү банк караталарына которуу чечимин кабыл алган. 1-майдан тартып ташкенттик пенсионерлерге Humo караталары таратыла баштаган.

Бирок бир жумадан кийин эле төлөм системасынын иши үзгүлтүккө учураган. Мындан тышкары пенсионерлер банкоматтардан акча чыгара албай, кыйынчылыктарга туш болушкан.

Булак: NazarNews.org

Последние новости