www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда мыйзамсыз таштанды төгүүчү жайларды уюштургандарга 65 миң сомго чейин айып салуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Долбоорго ылайык:

• жеке жактарга — 10 миң сом, юридикалык жактарга — 23 миң сом;

• мыйзам бузуу кайталанса — 20 миң жана 65 миң сомго чейин;

• туристтик жана жаратылыш аймактарына таштанды таштагандарга — 5,5–17 миң сомго чейин;

• жол боюн булгагандарга айып 3 миңден 5,5 миң сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн.

Өзгөртүүлөр мыйзамсыз таштанды жайларын азайтып, айлана-чөйрөнү коргоону күчөтүүгө багытталган.

Последние новости