www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындан ары тажик аткаминерлери президенттин уруксатысыз башка мамлекеттердин же эл аралык уюмдардын сыйлыктарын, ардактуу жана атайын наамдарын ала алышпайт.

Бул Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы тарабынан жактырылган «Мамлекеттик кызмат тууралуу» мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдүн бири. Күн мурун кайра оңдолгон мыйзамга өлкө президенти Эмомали Рахмон кол койгон. Дагы бир башка өзгөртүүгө ылайык, кош жарандуулукка ээ адамдар өлкөдө мамлекеттик кызматтарды аркалоо мүмкүнчүлүгүнөн ажырашты.

Тажик парламентинин депутаты Абдухалим Гаффоров башка өлкөлөрдүн же эл аралык уюмдардын бардык сыйлыктары, ардактуу жана атайын наамдары мамлекеттин менчиги болуп эсептелерин жана музейге берилиши керектигин билдирди.

Анын айтымында, сыйлык мамлекеттик кызматкерлерге тапшырылып жаткандыктан, чет мамлекеттер менен эл аралык уюмдар өздөрүнүн андай ниети тууралуу алдын ала Тажикстан президентине кабар бериши керек.

Орусия президенти Владимир Путин Тажикстанга болгон февралдын аягындагы сапары маалында Эмомали Рахмонго Александр Невский орденин тапшырган. Андан тышкары Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддиг Асловду Достук ордени менен сыйлаган.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости