www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын Башкы прокуратурасы коронавируска байланыштуу эл арасында «дүрбөлөң» жараткандар жазаланарын эскертти. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

«Жарандарды коронавирустан өлгөндөр көбөйгөндүгү, азык-түлүк кымбаттагандыгы жана аймактар аралык жолдордун жабылгандыгы тууралуу ушактарга ишенбөөгө чакырабыз. Ошол эле маалда эл арасында дүрбөлөң салган адамдарга карата мыйзамда каралган жаза чаралары колдонуларын эскертебиз», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Акыркы күндөрү тажикстандык социалдык түйүн колдонуучулары өлкөдө коронавирустун жайылышына бийликти айыптаган жана бул илдеттен өлгөндөр көбөйгөндүгү тууралуу билдирүүлөрдү көп жаза баштаган.

Тажик дарыгерлерине жардам чогултуп жүргөн ыктыярчылар акыркы эки жуманын ичинде тогуз медик каза болгонун билдиришти. Алардын айтымында, тиешелүү чаралар көрүлбөсө, жарым жылдын ичинде өлгөн дарыгерлердин саны 100дөн ашып кетиши мүмкүн.

6-майда Душанбе түрмөсүндөгү камактагылардын туугандары Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна кайрылып, өлкө абактарындагы абалга көңүл бурууну өтүнүштү. Алардын катында акыркы күндөрү түрмөдө пневмония белгилери менен ооругандардын саны 200гө жетип, 50 кишинин абалы оор деп бааланып жатканы жазылган.

Расмий маалыматтар боюнча Тажикстанда коронавирус жуктуруп алган кишилердин саны 461ге жетип, 12 бейтап каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости